Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:44

Таластык дыйкандар өкмөт башчыга жолугушканы Бишкекке келишет


Облустун Кара-Буура районунун 23 айыл өкмөтүнөн экиден өкүл шайланып, отуздан ашуун дыйкан Бишкекти көздөй чыгышты. Алар облустагы өкмөттүн өкүлү, айыл чарба министринин орун басары жана антимонополия кызматынын төрагасы менен болгон сүйлөшүүгө канааттанбай, премьер-министрдин өзү менен жолугушууну талап кылышты.

Мурда кабарлангандай, 15-октябрда Карабууралык дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүүнү талап кылып, митингге чыгышкан. 17-октябрда өкмөттүн облустагы өкүлү эл менен жолугуп, элдин талабы иликтенип жатканын, жакынкы күндөрү жооп берерин билдирген эле.

Таласта төө буурчактын баасы бүгүн 28-33 сом, кээ бир жерлерде 35 сомдун тегерегинде сатылууда.(SS;ZKo)

XS
SM
MD
LG