Бул тууралуу бүгүн “Ассошейтед пресс” агенттигине курган маегинде Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Масум Станекзай билдирди. Анын айтымында, Кундузда "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун ооруканасын "Талибандын" согушкерлери жана Пакистандын атайын кызматтарынын агенттери коопсуз жай катары колдонгон.
"Талибан" Кундузду ээлеп алган кезде, 3-октябрда таңында АКШ күчтөрүнүн абадан урулган соккусунан кеминде 22 адам өлүп, ондогон киши жаракат алган. "Чек арасыз дарыгерлер" уюму сокку урулган кезде имаратта талип согушкерлери болбогонун ырастоодо.
Президент Барак Обама бул окуя үчүн кечирим сурап, АКШ коргоо министри курмандыктардын үй-бүлөсүнө акчалай компенсация берилерин жана оорукананы оңдоо иштеринин акысын каржылай турганын билдирген.
"Талибан" Кундузду быйыл 28 сентябрда басып алган, бирок ооган күтөрүнүн абадан колдоосу менен шаарды талиптерден тазалоого жетишкен. (UE)