Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Сузакта диний экстремизмдин алдын алуу окутулууда


Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ырыс айылында 100гө чукул жергиликтүү имамдарга жана милиция кызматкерлерине диний экстремизмдин алдын алуу боюнча окутуу өттү. Аны Эл аралык толеранттуулук фонду АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылоосунда уюштурду. Катышуучуларга райондук ИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ош шаарынан келген диний эксперттер сабак өттү.

Расмий маалыматтарга караганда учурда укук коргоо органдарында Кыргызстанда 1 777 киши экстремисттик уюмдарга катышы бар деп каттоодо турат. Алардын ичинен 1386 киши "Хизб ут-Тахрир" уюмунун, калгандары башка агымдардын мүчөлөрү болуп саналат. (RsK)

XS
SM
MD
LG