Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Орус улутчулдары Москвада жүрүшкө камынууда


Дмитрий Демушкин.
Дмитрий Демушкин.

Орусиядагы улутчул уюмдардын өкүлдөрү Москванын мэриясына 11- “Орус маршын” 4-ноябрда өткөрүү боюнча арызды бүгүн тапшырышты.

"Орустар” деп аталган кыймылдын лидери Дмитрий Демушкиндин “Интерфакс” агенттигине айтканына караганда, жүрүшкө 15 миңдей адам катышат деп күтүлүүдө.

Демушкин алдыдагы акциянын учурунда Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн виза киргизүү, орусиялык улутчулдарды куугунтуктабоо чакырыктары айтыларын кошумчалады.

Улутчул уюмдардын “Орус маршы” деп аталган жүрүштөрү Орусияда 2005-жылдан бери өтүп келе жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG