Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Биринчи Май райондук сотунда Д. Нарынбаевдин ишин кароо улантылат


Бул тууралуу президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарынбаев менен кошо коррупция, пара алуу боюнча айыпталып жаткан Хажимурат Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтуусунда, 22-октябрда улана турган жараянда соттук тактоо иштери жүргүзүлөт.

19-октябрдагы соттук жараянда Коркмазов жана Нарынбаев бири-бирине каршы көрсөтмө берип, Нарынбаев анын пара алгандыгы боюнча факты жоктугун билдирди.

Данияр Нарынбаев жана Хажимурат Коркмазов абактагы Нариман Тулеевдин мүлкүн камактан чыгаруу үчүн анын кызы Назгүл Түлеевадан пара алуу фактысы боюнча июль айында камакка алынган. (AiT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG