Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы балдар жана өспүмдөрдүн спорттук мектебинде күрөш боюнча эл аралык турнир башталды. Балбандар грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат. Мелдешке 13-15 жаштагы өспүрүмдөр катышат. Уюштуруучулар кабарлагандай, ага жергиликтүү КМШ мамлекеттеринен спортчулар катышат. Турнирдин салтанаттуу жыйыны бүгүн кечки саат беште болот. (SE)