Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Атышууда каза тапкан жайкын тургундар боюнча кылмыш иши ачылды


Абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда ок тийип каза болгон эки жайкын тургундун өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

22-октябрда кечинде Бишкектин Достук конушунда Итибаевди кармоо операциясы жүргөн. Ал үч кабаттуу имараттагы батирлердин бирине жашырынганы аныкталып, күч кызматкерлери барган учурда куралдуу каршылык көрсөткөн.

Атышууда ошол үйдө жашаган 79 жаштагы Батыш Койчуманова менен 56 жаштагы Медет Какеевге ок тийип, набыт болушкан. Аларга кимдин огу тийгени азырынча айтыла элек. Итибаев өзү да жок кылынган.

Аткылоодо милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаилов да каза тапты. Анын өлүмү боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды. (SE)

XS
SM
MD
LG