Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Беш күн ичинде Грецияга 48 миң мигрант кирди


Эл аралык миграция уюмунун маалымдашынча, 21-октябрга чейинки беш күн ичинде Грецияга 48 миң мигрант кирди.

Бул көрсөткүч быйылкы жылдагы бир аптанын ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Жыл башынан бери Жакынкы Чыгыштан Европага агылгандардын саны 681 миң адамга четти.

Ал арада Улуттар Уюмунун качкындар агенттиги Орусиянын абадан соккулары Сириянын Алеппо шаарынан качкан тургундардын санын көбөйттү деп кабарлоодо.

БУУнун качкындар агенттигинин Жакынкы Чыгыш боюнча директору Амин Аваддын айтымында, Сириянын ичиндеги качкындардын саны былтыр 7,6 миллион болсо, быйыл 6,3 миллион болду.

2011-жылы Сирияда башталган жарандык согуштан улам өз үйүн таштап качкандардын саны 4 миллионго жетти. Алардын көбү Түркия жана Греция аркылуу Европа өлкөлөрүнө өтүүгө аракет кылышууда.

XS
SM
MD
LG