Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Меркел: Украина менен соода келишими Орусияга каршы багытталбайт


Германиянын канцлери Ангела Меркел Украина менен Европа Биримдигинин ортосундагы эркин соода макулдашуусу Орусияга каршы багытталган жок деп билдирди.

Берлинде өткөн Германия-Украина экономикалык конференциясында Меркел Орусия менен да экономикалык байланыштарды жакшырткысы келгенин айтты.

“Негизи биз Украинанын Европа Биримдиги менен экономикалык ымаласынын мыкты болуусун кааладык. Ал арада Германия Орусия менен да байланышты өнүктүрүүгө кызыкдар”, - деди Ангела Меркел өз сөзүндө.

Еврошаркет менен Украинанын соода келишимине былтыр кол коюлган.

XS
SM
MD
LG