Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 23:41

Ошто колго жасалган жардыргыч табылды


Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык милиция башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, колго жасалган жардыргыч зат Абдыкадыров көчөсүндөгү кароосуз калган имараттан табылган. Жарылуучу зат менен кошо РГД-5 гранатасы болгон.

Жарылуучу зат саперлер тарабынан алынып, коопсуз жайда жардырылды.

Бул ишке шектелип 29 жаштагы Чаткал районунун тургуну кармалды. Алгач тергөө иштерине ылайык, ал муну сатуу үчүн даярдаганы болжолдонууда. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG