Орусияда белгилүү жазуучу Маргарита Хемлин 56 жашында көз жумду. Бул тууралуу Интерфакс агенттигене анын үй-бүлөсү билдирген.
Хемлин 1960-жылы Черниговдо туулган. Москвада Адабият институтун бүткөн. Ал өзүнүн алгачкы “Еврей аялдын коштошуусу” деген прозасын 2005-жылы “Знамя” журналына жарыялаган. 2008-жылы анын “Жандуу кезек” аттуу аңгемелер жыйнагы “Чоң китеп” сыйлыгына номинант болгон. “Клогцвог”, “Дознователь”, “Крайний” деген романдар үчүн бир катар сыйлыктарды алган. (КЕ)