Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Депутаттарга мандат берүү убактысы белгисиз мөөнөткө жылды


Сот иштерине байланыштуу Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына шайланган депутаттарга мандат тапшыруу белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.

Буга чейин “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлер Жогорку Сотко кайрылган. Сотто алты киши утуп алган. Андан сырткары Жогорку Сот “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан бир талапкеринин тизме боюнча арызын да канааттандырган. Биринчи Май райондук соту да өткөн жумада “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын добуштарды кайра санап чыгууну талап кылган арызын оң тарапка чечкен. БШК бул боюнча жогорку инстанцияга даттанарын билдирген. Мындан улам мандат берүү мөөнөтү жылганын Бекбасаров белгиледи.

Парламентке шайлоо 4-октябрда өтүп, алты партия утуп чыккан. Аларга ушул жума башында мандат берилери айтылган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG