Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:55

Жогорку Кеңешке “Республика Ата-Журт” партиясы менен ат салышкан Жыргалбек Саматов Орусиянын жараны болгондугуна байланыштуу тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. Анын орус жарандыгы бар экени мандат бөлүштүрүнүн алдында аныкталган.

Партия Жыргалбек Саматовду өз аймагынан жетиштүү добуш албагандыгына байланыштуу тизмеден чыгарган болчу. Бирок Саматов сотко берип, утуп алган жана мандат алуу укугуна ээ болгон эле.

Саматов буга чейин "Ата Журт" партиясынан парламент депутаты болчу.

Жогорку Кеңешке жаңы шайланган 120 депутат 28-октябрда ант берип, кызматка киришет. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG