Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Сирияда орус аскери өз жанын кыйды


Орусиянын Коргоо министрлиги бир жоокери Сирияда көз жумганын кабарлады. Мекеме тараткан кабарда маалымдалгандай, аскер Хмеймим калаасында келишим менен кызмат өтөп жатып, эс алуу учурунда өз жанын кыйган. Бирок анын аты-жөнү айтыла элек.

Буга чейин жергиликтүү булактар 19 жаштагы жоокер Вадим Костенко Сирияда көз жумганы, бул тууралуу анын Краснодардагы ата-энесине кабар берилгенин жазып чыккан.

Москва быйыл сентябрдан тарта Дамаскини колдоо максатында Сирияда аскерлерин көбөйткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG