Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Коалицияга төрт фракция кириши күтүлүүдө


Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга төрт фракция кириши күтүлүүдө. Серепчилер коалиция түзүү укугу КСДП фракциясына берилерин божомолдоп жатышат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, коалиция КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекендин” ортосунда түзүлүп, “Республика – Ата-Журт” менен “Бир бол” оппозицияда калышы мүмкүн.

Конституцияга ылайык, коалиция түзүү үчүн мамлекет башчысы фракциялардын бирине мандат берет. Андан соң 15 жумушчу күндүн ичинде коалиция өкмөт башчы болууга талапкерди көрсөтөт. Талапкер өкмөттүн программасын, структурасын жана курамын парламентке алып чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG