Кыргызстандын сейсмология институнун кабарлашынча, 3 баллдык жер титирөө Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Шахимардан анклавында эртең мененки саат 7ге чукул болду.
Жер силкинүүсүнүн очогу Иордан өзбек айылынан түштүк-чыгышты карай 2-3 км, Шахимардандан түштүк-батышты көздөй 8 км, Кыргызстандын Кадамжай районуна караштуу Кара-Шоро айылынан түштүк-чыгышты көздөй 10 км. аралыкта жайгашкан. Кара-Шоро айылында зилзала 2,5 баллга жетти.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, жабыркоолор болгон жок. (AzK)