Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинен бүгүн "Азаттыкка" билдиришкенине караганда, окуу жайда 26-28-октябрь күндөрү БУУнун 70 жылдыгына арналган эл аралык жыйын өтүп, ага 50 өлкөдөн 700дөн ашуун окумуштуу катышты. Анда Кыргызстандын алгачкы президенти, академик, ММУ профессору Аскар Акаев үч баяндама жасады.
Жыйын соңунда Нобель сыйлыгынын ээси Саймон Кузнецтин (АКШ) алтын медалынын лаураеттары жарыяланды. Бул сыйлык академик Аскар Акаевге, орусиялык профессор Ю. Яковц менен германиялык окумуштуу Г. Меншге ыйгарылды.
1990-жылы Кыргызстандын президенттигине шайланган Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартындагы элдик толкундоолордон улам бийликтен кулатылып, өлкөдөн качып кеткен. Ал ошондон бери Москвада.