Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:19

Кыргызстан АКШ менен кызматташтыктын "жол картасын" иштеп чыгууну колдойт


Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтыктын мындан аркы "жол картасы" иштелип чыгышы туура болот. Мындай идеяны колдой турганын бүгүн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушуудан кийин тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев билдирди.

Ал келерки жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толорун, Жон Керринин бүгүнкү сапары кызматташтыктын жаңы барагын ачарын кошумчалады. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG