Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Абдылдаев: Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунан тайбайт


Кыргызстан тандап алган демократиялык өнүгүү жолунан тайбайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин сапарынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев билдирди.

- Кыйынчылыктар жана тоскоолдуктарга карабастан Кыргызстан чыныгы эркин коомду калыптандыруу максатында алдыга жыла бермекчи, - деди Абдылдаев.

Керри Борбор Азияга сапарынын алкагында бүгүн бир күнгө Бишкекке келди. Кечинде ал Өзбекстанга учуп кетет.

Кыргызстан жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу тууралуу ал "натыйжалуу жана ачык сөз болду" деп билдирди.

АКШ менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы декабрь айында түзүлгөндөн тарта өлкөдө демократия орнотуу, жарандык коом куруу, сөз эркиндигин камсыз кылуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында ири долбоорлор ишке ашырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG