Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Үйү өрттөнүп, энеси каза болгондор үйлүү болду


Үйү өрттөнүп, энеси каза болгондор үйлүү болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында үйдө чыккан өрттөн улам энеси жана 3 жашар бир тууганынан ажыраган үй-бүлө мүчөлөрүнө 30-октябрда жаңы үйдүн ачкычын социалдык жактан өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев тапшырды. Бул үйдү энесиз калган үч бир тууганга “KG групп” курулуш компаниясы өз эсебинен куруп берген. 2014-жылдын декабрь айында түнкү саат 11лер чамасында чыккан өрттүн кесепетинен 20 жаштагы Тинатин, 14 жаштагы Шабдан жана 5 жаштагы Асият Абдырахмановалар апасы менен 3 жашар бир тууганынан айрылып калышкан. 41 жаштагы Эльвира Үмөтбаева менен 3 жашар Касиетти куткарууга мүмкүн болбой калган.

XS
SM
MD
LG