Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Жалал-Абад: чек арадагы мектептерде окуучулардын саны азаюуда


Ала-Бука районунун Таш-Арык айылындагы №45 Муратбек Тойчубеков атындагы башталгыч класстар мектебинде окуучулардын саны азайып, төмөнкү жана жогорку класстын окуучуларына сабактар бириктирилип өтүлүүдө. Бул тууралуу мектептин директору Басида Жороева “Азаттыкка” билдирди. 2007-жылы ашар жолу менен курулган мектептеги 2 класстык бөлмөдө 36 окуучу билим алууда. Ошол себептүү мектептеги окуу аралашма ыкмасында жүргүзүлүүдө. Чоң класстын окуучулары 10 чакырым алыстыктагы толук орто мектепке барып билим алышат. "Ата-энелер балдарын шаарга же жатак мектептерге которуп кетип жатат",- деди Жороева.

Район аймагында 46 мектеп болсо, алардын жетөө чек арадагы айылда орун алган. Учурда аралаш ыкмасында 3 мектепте сабактар өтүлөт. Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусу менен 200 чакырымдан ашык аралыкта чектешет. (RsK)

XS
SM
MD
LG