Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Казак президенти Батыш Европа боюнча сапарга чыкты


Нурсултан Назарбаев жана премьер -министр Карим Масимов. Астана, 19-октябрь, 2015-жыл.
Нурсултан Назарбаев жана премьер -министр Карим Масимов. Астана, 19-октябрь, 2015-жыл.

Нурсултан Назарбав бүгүн Британияга келди. Лондондо казак президентинин британ премьери Дэвид Кэмерон, каныша Елизабет Экинчи менен сүйлөшүүлөрү белгиленген.

Лондондон соң Назарбаев Парижге барат. Назарбаевдин эки өлкөдө тең бизнес лидерлер менен кездешүүсү мерчемделген.

Экономикасы мунайдын кирешесине байланган Казакстан негизги соода өнөктөрү Кытай менен Орусиядагы солгундоодон улам инвестиция издөө аракетин күчөттү.

Жакында казак президенти казынанын кирешеси кескин төмөндөгөнүн, өлкөнү оор экономикалык кризис күтүп турганын өзү ачыктаган.

Назарбаевдин кеңсеси билдиргендей, Лондондо жана Парижде бир катар, анын ичинде коммерциялык келишимдерге кол коюлат. (UE)

XS
SM
MD
LG