Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Кремлдин сынчысы Европа банкына башкы экономист болот


Сергей Гуриев.
Сергей Гуриев.

Европадагы Өнүгүү жана реконструкция банкы бул каржы мекеменин башкы экономисти кызматына орус өкмөтүнүн мурдагы кеңешчиси дайындалып жатканын жарыялады.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан банктын жарыясына караганда, 44 жаштагы Сергей Гуриев алардагы кызматын расмий түрдө 2016-жылы баштайт.

Сергей Гуриев Кремлдин сынчысы катары таанымал жана ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковский, оппозиция активисти Алексей Навальный менен байланышы бар.

2013-жылы Францияга качып кеткенге чейин Гуриев премьер-министр Дмитрий Медведевге кеңешчи жана Москвадагы Жаңы экономикалык мектептин ректору кызматын аркалаган.

Экономисттин Орусиядан кетүүгө аргасыз болушу президент Путиндин саясатын сынга алганы үчүн куугунтукка кабылуу коркунучу менен түшүндүрүлгөн.

Европа биримдиги украин кризисинен улам киргизген санкцияларга байланыштуу Европа Өнүгүү жана реконструкция банкы Орусияда жаңы долбоорлорду каржылоону былтыртан тарта токтотуп койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG