Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Сариев: Жаңы өкмөттө тууганчылык болбойт


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Темир Сариев бүгүн парламент жыйынында өз программасын тааныштыруу учурунда билдирди. Ал мамлекеттик кызматка орношуу, карьералык тепкичте жогорулоо ачык-айкын жүргүзүлөрүн белгилеп, мындай шартта тууганчылык, жердешчилик болбойт деп убада берди. Мындан сырткары коррупцияга каршы күрөштүн алкагында чиновниктердин кирешесине көзөмөл күчөтүлөрү айтылды.

Жол кайгуул кызматы, Мамлекеттик каттоо, фискалдык органдар жана билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында реформалар уланарын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG