Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

Көк-Таш айыл өкмөт башчысын депутаттар иштен алышты


"Бозумчак" алтын-жез комбинаты боюнча айылдыктардын нааразылыгы
"Бозумчак" алтын-жез комбинаты боюнча айылдыктардын нааразылыгы

Бул тууралуу Азаттыкка айылдык кеңештин төрагасы Сакыбек Кабылов билдирди. Депутаттар өздөрүнүн кезектеги 31-сессиясында айыл өкмөт башчысы Жанышбек Умаровдун 9 айда аткарган иштеринин жыйынтыгын карап, аны канааттандырарлык эмес деп табышты.

- Ошондой эле Бозумчак кенинин айланасындагы элдин нааразычылыгын эске алып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жумуштан алуу бонча райондук бийликке кат жолдошту,-  деди Кабылов.

Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында 3,5 миң калк жашайт. Жанышбек Умаров 2014-жылдын сентябрь айында кызматка келген. "Азаттык" Бозумчак кени менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы талаш маселени өткөн жума сонунда чагылдырган. Бул багытта да учурда облустук денгээлде комиссия түзүүдө. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG