Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Сербия жана Босниянын өкмөтү алгачкы ирет биргелешкен жыйынга чогулду


Босниянын премьер-министри Денис Звиздич (оңдо) менен Сербиянын премьер-министри Александр Вучич. Сараева, 4-ноябрь, 2015-жыл
Босниянын премьер-министри Денис Звиздич (оңдо) менен Сербиянын премьер-министри Александр Вучич. Сараева, 4-ноябрь, 2015-жыл

Сербия жана Босния-Герцеговина өкмөттөрүнүн тарыхтагы алгачкы биргелешкен жыйыны бүгүн Сараеводо болду.

Күн тартибине дайынсыз жоголгондорду табуу боюнча кызматташтык, телекоммуникация, маданий мурастарды коргоо жана туруктуу өнүгүү маселелери коюлду.

1992-95 –жылдары жүз миңдей адамдын өмүрү кыйылган согуштун тактары али Сербия менен Босниянын алака-катышына көлөкө түшүрүп келет.

Ал куралдуу жаңжал учурунда Белград Босниядан бөлүнүүнү көздөгөн жергиликтүү сербдерди колдогон.

Согуштан кийин Босния эки автономиядан: Мусулман-хорват федерациясынан жана этникалык сербдердин Српска республикасынан турган федералдык мамлекет катары түзүлдү.

Азыр Сербия да, Босния –Герцоговина да Евробиримдикке кошулууга умтулушууда. (UE)

XS
SM
MD
LG