Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Ошто кант диабетине чалдыккандар көбөйдү


Бул тууралуу Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабарлашты. Жыл башынан бери дубандын аймагынан 6 миң 276 адам кант диабети менен ооруп кайрылган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки миң кишиге арбын.

2015-жылы өспүрүмдөрдүн арасында да бул дартка чалдыккандар өскөн. Ушу күнгө дейре Ош облусунда 18 жашка чейин 34 жаран кант менен жабыркаган. Жашы жете электер көбүнчө эсин жоготкон абалда ооруканага кайрылышат. Алардын ата-энелери балдарынын бул ооруга кабылганын коомчулуктан жашырууга аракет кылгандыктан, жаштар бейтапканага кеч кайрылышат.

Облуста кант диабети жылдан жылга арбыгандыктан аталган оорукананын базасында атайын окуу каанасы ачылган. Анда кант диабети менен ооругандар жылына эки жолу 10 күндөн сабак алышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG