4-ноябрда кызматтан кеткен премьер-министри Виктор Понтага ачылган кылмыш иши боюнча сот процесси башталды. Жума күнү алдын ала угууларда коррупцияга байланышы бар, салык төлөөдөн качкан жана арам акчаны адалдаштырган деген айыптар тагылды. Понта айыптарды толук четке кагууда.
2012-жылы бийликке келген 43 жаштагы Виктор Понтанын кызматтан кетишине 31-октябрга караган түнү Бухаресттеги “Коллектив” түнкү клубунда чыккан өрт түрткү болду. Клубдагы тилсиз жоодон 32 адамдын өмүрү кыйылып, ондогон кишилер жабыркаган. Миттингге чыккандар клубдагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө клубга лицензия берген аткаминерлер жооптуу деп айыпташууда.