Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Киев Украинанын чыгышындагы кырдаал үчүн жикчилдерди айыптады


Украин аскерлери жана ЕККУнун байкоочу миссиясынын өкүлдөрү. Донбасс,
Украин аскерлери жана ЕККУнун байкоочу миссиясынын өкүлдөрү. Донбасс,

Өкмөттүк аскерлердин маалыматы боюнча, ишемби күнү кечинде Украинанын чыгышында кырдаал кайра курчуду. Жикчилдер бир нече калктуу пункттарга карай гранатометтон ок чыгарышкан. Азырынча жарадар болгондор жана өлгөндөр тууралуу маалымат жок.

Расмий Киевдин маалыматына караганда, 18-октябрдан 6-ноябрга чейин жикчилдер ок чыгарбоо келишимин 26 жолу бузуп, 350дөн ашуун ирет аткылашкан. Донбасстагы ок атышууну токтотуу келишимин көзөмөлдөө боюнча биргелешкен борбордун кызматкерлери бул ок атуулар аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруу жана куралдардын чыгарылып кетүүсүнө тоскоолдук кылуу максатында болууда деп баалашууда.

Ал эми жикчилдер тарап болсо, украин армиясы акыркы суткада алты жолу "Донецк элдик республикасы" тарапка карай ок чыгарды деп маалымдашууда. Алардын белгилөөсү боюнча Спартак жана Зайцево аймактары украин армиясынын соккусуна туш болушкан. Бул жакта да жарадар болгондор жана өлгөндөр тууралуу маалымат жок.

XS
SM
MD
LG