Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Акматбек Келдибековго ушул жумада сот өкүмү чыгары күтүлүүдө


Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго байланыштуу соттук териштирүү толугу менен аяктап, ушул жумада сот өкүмү чыгары айтылууда. Өкүм 6-ноябрда чыгат деп күтүлгөнү менен ал күнкү жараян жактоочулардын сөзү менен аяктап, кийинки отурум 12-ноябрга белгиленген.

Прокуратура Акматбек Келдибековду он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Анын жактоочулары болсо жөнсүз айып коюлуп жатканын белгилеп, муну бийликтин куугунтугу катары сыпаттайт.

Келдибеков коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен 2013-жылы күзүндө ага каршы кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG