Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Дүйнөлүк банк климаттын өзгөрүшүнөн келтирилген зыянды жоюуга көмөктөшөт


Бириккен улуттар уюму кабарлагандай, Дүйнөлүк банк климаттын өзгөрүүсүнөн Арал деңизине келтирилген кесепеттерге каршы күрөшүү программасынын биринчи баскычын ишке ашырууга 38 миллион доллар бөлөт. Долбоордун максаты – климаттын өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн Борбор Азиядагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Аталган банктын билдирүүсүндө айтылгандай, XXI кылымдын аягында аймактагы мамлекеттерде аба ырайы кескин ысып кетиши мүмкүн. Чөлкөмдө мөңгүлөрдүн аянты да кыскарууда. Жакынкы жылдарда абанын температурасынын мындан да жогорулашынан алардын көлөмү дагы азайышы ыктымал деген божомолдор айтылып жатат.

Изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстанда 1970-жылдарда 7 миң 628 мөңгү бар болчу. Акыркы 30 жыл ичинде алардын көлөмү жана аянты 14-15% азайган. Адистердин баамында, буга негизинен климаттын өзгөрүшү жана кен казуу иштери терс таасирин тийгизүүдө. (NT/SE)

XS
SM
MD
LG