Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Бишкекте коррупцияга каршы жыйын өтөт


Экономика министрлиги Коррупцияга каршы кеңештин кезектеги жыйынына камданууда. Жыйын 11-ноябрда Бишкекте өтөт.

Министрликтен кабарлашкандай, анда бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдар менен кызматташтыгын жакшыртуу, ишкердиктин шарттарын жеңилдетүү жолдору талкууланат.

Форумга министрлик, мекемелердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ишкерлер катышат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда коррупция келтирген чыгым 1,5 миллиард сомду түзгөнүн 29-октябрда өкмөт жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирген. Ал тогуз ай аралыгында коррупция боюнча 745 кылмыш иши козголгонун, бирок күрөштүн жыйынтыгы жакшы көрүнбөй жатканын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG