Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:49

Орус учагы кыйрашына бомба себеп болгонуна ишеним күчөдү


Египет - Кыйроого кабылган Аэробустун калдыктары.
Египет - Кыйроого кабылган Аэробустун калдыктары.

Учактын кыйроо себептерин иликтеген топтун египеттик мүчөсү "аэробустун кулашына борттогу бомбанын жарылуусу алып келген деп 90 процент ишеним менен айтса болорун" Рейтерс агенттигине билдирди. Анын айтымында, "кара кутуда" жазылган шоокум бомба жарылуусунун добушу деп боолголосо болот. "Кара куту" учак системасында эч кандай бузулууну каттабаганы да айтылууда.

Египеттин авиация министрлиги бул маалыматтарды азырынча комментариялаган жок.

Кырсыктын себептерин аныктоого Орусияга АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу – ФБРдин адистери көмөктөшөөрү жекшембиде кабарланды. Бирок Кремль бул маалыматты бышыктай элек.

Учак кулаган жерде азыр Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин тобу жана Египет, Франция, Германия жана Ирландиянын өкүлдөрү иштеп жатышат.

31-октябрда Орусиянын "Когалым Авиа" компаниясына таандык Аэробус - A321 учагы Египеттин Синай жарым аралынын үстүндө кыйроого кабылып, анын ичиндеги 224 адамдын бирөө да тирүү калган эмес. Ал Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп келаткан.

Кырсыктан көп өтпөй “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Египеттеги канаты аэробусту атып түшүрүшкөнүн билдирген. Бирок орусиялык жана египеттик расмий өкүлдөр согушкерлерде андай бийиктикте бараткан лайнерди атып түшүргүдөй куралы жок деп, ал версияны четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG