Кыргызстанда курулуш тармагы солгундоодо. Экономика министрлигинде ушул маселеге арналган жыйын өтүп, негизги проблемалар аталды.
Бул тармакта алектенген ишкерлердин айтымында, салынып жаткан тамдардын жанындагы жолдорду оңдоо талабы сатыкка коюлуучу имараттардын баасынын жогорулашына алып келүүдө, кардарлардын ипотека аркылуу сатып алышы да банктар койгон үстөк пайыздын айынан солгун жүрүүдө, электр энергиясын жана башка инженердик коммуникацияларды тарттырып келүүдө бюрократиялык тоскоолдуктар көп болуп жатат.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 9 ай ичинде өлкөдө курулуш иштери 7,3% азайды. (RK)