Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Орусияда "Талибанга" шектелген тажик жараны кармалды


Аслиддин Нуров
Аслиддин Нуров

Екатеринбург полициясы бүгүн "мыйзамсыз аскерий уюмдарга катышкан" деген шек менен эл аралык издөөдө жүргөн 28 жаштагы тажик жараны кармады. Аслиддин Нуровду кармоо операциясы Федералдык коопсуздук кызматы менен Орус ички иштер министрлиги жана Интерполдун жергиликтүү бөлүмүнүн экстремизмге каршы күрөшүү кызматкерлеринин колдоосу менен жүрдү.

Орусиянын Свердлов облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Валерий Горелых шектүү жаран 2005-2008-жылдары Ирандагы медреселердин биринде окуп, 2010-жылы "Талибан" кыймылынын катарында Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы согуштук аракеттерге катышканы боюнча маалымат бардыгын, ал тажик бийликтеринин өтүнүчү менен кармалганын билдирди.

Учурда Нуровду Тажикстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

XS
SM
MD
LG