Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго бүгүн сот өкүмү чыгышы ыктымал. Ага козголгон кылмыш ишине байланыштуу соттук териштирүү толугу менен аяктаган. Өкүм 6-ноябрда чыгат деп күтүлгөнү менен ал күнкү жараян жактоочулардын сөзү менен аяктап, кийинки отурум 12-ноябрга белгиленген.
Прокуратура Акматбек Келдибековду он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Анын жактоочулары болсо жөнсүз айып коюлуп жатканын белгилеп, муну бийликтин куугунтугу катары сыпаттайт.
Келдибековго коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен 2013-жылдын күзүндө кылмыш иши козголгон. (SE)