Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Түркмөн президенти Кытайда ири газ куур долбоорун талкуулайт


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедов бүгүн Кытайга барды. Маалыматтарга караганда, визит учурунда эки өлкөнү туташтыра турган газ куурун жаткыруу долбоору тууралуу сөз болот. Түркмөнстан-Кытай кууруна Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан аркылуу өтчү 3 газ түтүктөрү камтылмакчы.

Түркмөн маалымат каражаттары аны “21-кылымдын эбегейсиз долбоору” деп аташууда. Кытай түркмөн газын сатып алуучу ири потенациалдуу кардар болуп эсептелет.

Ошол эле маалда 7-ноябрда Бердимухамедов мамлекеттик ишканаларга Ооганстан жана Пакистан аймактарын аралап Индияга чейин жаткырыла турган TAPI деп аталган куурдун курулушун баштоо буйругун берген.

XS
SM
MD
LG