Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

Азербайжан: Ариф Юнус үй камагына чыкты


Ариф Юнус
Ариф Юнус

Баку апелляциялык соту адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырып, 12-ноябрда Ариф Юнусту абактан үй камагына чыгарды. Эми ал Бакудан чыкпоого тийиш. Быйыл августта Баку соту аны алдамчылык жана салыктан качкан деген айып менен 7 жылга эркинен ажыраткан. Жубайы, Азербайжандагы таанымал укук коргочу Лейла Юнус да ушундай эле айып менен 8,5 жылга кесилген. Эл аралык укук коргоо уюмдары бул сот ишин куугунтук катары сыпатташып, саясий себептер менен байланыштырып келет. Укук коргоочу жубайларга тагылган тыңчылык кылды деген айып боюнча иш өзүнчө каралары айтылган. Бул ишти сот азырынча карай элек.

Лейла Юнус Бакуда Тынчтык жана демократия институтунун негиздеп, жубайы Ариф экөө тең ошол уюмда иштеп келген. Бирок бийликтер бул уюмду расмий каттоого алган эмес.

Жашы алтымышты таяп калганда абакка түшкөн укук коргоочу жубайлардын ден соолугу начар экени буга чейин эле айтылып келген. Ариф Юнустун үй камагына чыгышына да германиялык дарыгерлердин корутундусу себеп болду. Анда Ариф Юнустун кан басымы өтө жогорулап кеткени, бул жүрөгү кармап калышына алып келиши ыктымалдыгы айтылган.

Ариф Юнус сот залынан чыгып жатып журналисттерге аялы Лейланын саламаттыгы аныкынан да начар экенин, Гепатит С , кант диабети менен жабыркарын жана бөйрөгүндө таш бар экенин айтты.

- Аны абактан бошотушарына көзүм жетпей турат. Аны шарты абдан начар аялдар түрмөсүнө которууну каалап жатышат. Жубайым Лейланын саламаттыгы азыр абдан начар. Чынын айтканда, өмүр менен өлүмдүн ортосунда турат.

Ариф Юнус аялынын ордуна өзүн камоону да сунуштаганын кошумчалады:

- Биз 37 жылдан бери бирге түтүн булатып келатабыз. Аны азаттыкка чыгарып, ордуна мени киргизүүсүн сунуштадым. Бирок ал абакта жатканда анын эркиндиги үчүн соодалашууга барып, унчукпай калам деген ниетим жок.

Укук коргоочу андан ары өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, аны саясий себептер менен байланыштырды. Ошондой эле муну менен эле майтарылып калбасын белгиледи:

- Менде бир гана куралым бар. Ал –тилим. Мен унчукпай кое албайм.

60 жаштагы Ариф Юнус тарыхчы катары да таанымал. Ал Кавказдагы чыр-чатактарды иликтеп, Тоолуу Карабах жаңжалына өзгөчө көңүл буруп келген.

59 жаштагы жубайы Лейла Юнус былтыр июлда камалганга чейин Азербайжан бийлигин адам укуктары боюнча сындап, өлкөдөгү саясий куугунтуктоолорду документтештирүү менен алектенчү.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму Лейла менен Ариф Юнустун сотун “пародия” деп сыпаттаган. Азербайжан бийликтерин аларды камаганы үчүн АКШ, Евробиримдик, Эл аралык Мунапыс, ЕККУ уюмдары сынга алышкан.

Байкоочулар президент Ильхам Алиевдин бийлиги азыр режимдин сынчылары менен башкача ойлонгондордун оозун басуу өнөктүгүн жүргүзүп жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG