Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Бишкектин жаңы конуштарын тоноп жүргөн топ кармалды


"Мурас Ордо" жаңы конушу
"Мурас Ордо" жаңы конушу

Бишкекте жаңы конуштардагы үйлөргө кирип, баалуу буюмдарды уурдап жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Октябрь райондук милициясына "Рухий Мурас" конушунда жашаган 28 жаштагы тургун кайрылып, үйүнүн кулпусу талкаланып, ичиндеги 15 миң сомдук кол саат, 12 миң сомдук алтын буюмдар жана 5 миң сомдук чөнтөк телефон уурдалганына арызданган.

Кылмыш иш козголуп, "Ууру" деген аталыш менен рейд уюштурулуп, натыйжада Ысык-Көл облусунан келген 20 жаштагы эки бала кармалды. Сурак учурунда алар "Рухий Мурас", "Алтын Ордо", "Кара-Жыгач" жаңы конуштарында 10го жакын үйдү тоногонун моюнуна алышты. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG