Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Жалал-Абадда аялдар зомбулукка каршы акция өткөрүүдө


Шаар аймагындагы мектептерде жана жогорку окуу жайларында аялдардын зордук-зомбулукка каршы жумалык акциясы өтүүдө. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу “Каниет” кризистик борборунун директору Мимоза Нуракова “Азаттыкка” билдирди.

Аялдар жамааттары менен "тегерек стол" талкуулары, окуучулар арасында спорттук оюндар уюштурулууда. Максаты - коомдун аялдарга карата мамилесин өзгөртүү. Мындан сырткары турмуш шарты оор аялдарга гуманитардык жардам көрсөтүлөт.

Быйыл шаарда кризистик борборго 20дан ашык аял ар кандай шартта жардам сурап кайрылган. Алардын басымдуу бөлүгү зордук-зомбулукка кабылгандар. (RsK)

XS
SM
MD
LG