Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Күрт кошуундары радикалдардын колундагы Синжар шаарына киришти


Ирактагы күрттөрдүн Пешмерга армиясы америкалык учактардын коштоосунда “Ислам мамлекети” радикал уюмунун көзөмөлүндөгү Синжар шаарына киришкени маалымдалды. Рейтердин ошол жердеги кабарчысы жума күнү эртең менен күрт кошуундарынын аскерлери калаага түндүктөн кирип барышканын айтып берди. Күрт бийликтери аскерлер Синжарга бардык тараптан жакындап жатышканын буга чейин билдиришкен. Шаарды кайтарып алуу операциясы кечээ башталган.

Тоо арасындагы Синжар Сириянын жихадчылардын колундагы аймактары менен Ирактын Мосул шаарын байланыштырган тилкеде орун алган. Былтыр августта согушкерлер аны ээлеп алганда язиди азчылыгынын өкүлдөрү тоолорго качууга аргасыз болушкан. Алардын массалык өлтүрүлүшү жөнүндө маалыматтар тарагандан кийин АКШ эл аралык коалиция түзүп, радикалдардын Ирактагы турумдарына аба соккуларын баштаган.

12-ноябрда Пентагон америкалык армия өкүлдөрү Пешмерга кошуундарына Синжарды алуу операциясын жүргүзүүдө кеңеш берип, экстремисттердин буталарын жакындан аныктоого, аба соккуларын кайда уруу зарылдыгын так айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG