Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Кыргыз футзалчылары Азия чемпиондугунун финалында ойнойт


Кичи футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2016-жылдагы Азия чемпиондугунун финалына жолдомо алды. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынан билдиришти.

14-16-ноябрь күндөрү Тажикстандын Хожент шаарында борбордук зонада тандоо мелдештери өттү. Анда Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Түркмөнстандын улуттук курамалары финалдык беттешке жолдомо үчүн күч сынашты.

Кыргыз футзалчылары Түркмөнстан курамасы менен 1:1, Ооганстан менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Акыркы оюнда Тажикстандын улуттук курама командасын 3:2 эсебинде утуп, биринчи орун менен 2016-жылы боло турган Азия чемпиондугунун финалында ойноого жолдомо алышты.

2016-жылдагы Азия чемпиондугу 10-21-февраль күндөрү Өзбекстандын Ташкен шаарында өтөт.

Футболдун имарат ичинде ойнолуучу түрү футзал деп аталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG