Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

"Чоң жыйырма" террордук топторду каржы булактардан ажыратуу чараларын макулдашты


Британия жана Орусия лидерлеринин жолугушусу. Анталия, 26-ноябрь, 2015-жыл.
Британия жана Орусия лидерлеринин жолугушусу. Анталия, 26-ноябрь, 2015-жыл.

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон мындай жарыяны "Чоң жыйырманын" тобуна кирген мамлекет лидерлеринин Түркиядагы бүгүнкү саммити учурунда жасады.

Анын айтымында, Түркиядагы саммитте лидерлер бүгүн террордук топтордун каржы булактарынан ажыратуу боюнча “маанилүү кадамдарды” макулдашты.

Биз Франциядагы үрөй учурган террордук чабуулдардан кийин жолугуп жатабыз. Британияга, Орусияга, баарыбызга коркунуч туудурган терроризм толкунун жеңиш үчүн биз бирге иштешибиз керек”,- деди Кэмерон бүгүн орус президенти Владимир Путин менен Анталиядагы саммитте жолугушуу учурунда.

Кэмерон ошондой эле Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосунда Сириядагы согушту токтотуу жолдору боюнча али “чоң ажырым” бар, ошол эле учурда тараптардын баарында мунаса үчүн дилгирликтин белгилери болгонун кошумчалады.

Түркиядагы саммиттин соңунан "Чоң жыйырманын" тобуна кирген өлкөлөр бүгүн терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алат деп күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG