Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Тажик парламенти Интернетти чектөө мыйзамын карап жатат


Тажик герби
Тажик герби

Тажикстанда террорчулукка каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү сунушталууда.

Ага ылайык, террорчуларды кармоо же жок кылуу операциялары маалында белгилүү бир аймакта же бүтүндөй өлкөдө уюлдук байланыш менен интернетке чектөө киргизилет. Тажик парламентинин төмөнкү палатасы 16-ноябрда аталган мыйзам долбоорун жактырып, комитеттерге жиберген.

Өлкөдө атайын операция маалында байланыш менен Интернетти өчүргөн учур буга чейин Раш өрөөнүндө жана Хорогдогу окуяларда байкалган.

Быйыл сентябрда Тажикстанда дүрбөлөң салып, Рамит капчыгайына жашырынган коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын тобун жок кылуу маалында айрым маалымат сайттары, социалдык түйүндөр убактылуу ачылбай, SMS билдирүүлөргө чек коюлган.

Байланыш тармагын көзөмөлдөгөн кызматтар мындай чектөөлөргө тиешеси жоктугун жарыялашкан. (NT\SE)

XS
SM
MD
LG