Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Кара-Сууда терроризмге каршы жөө жүрүш өтүп жатат


Оштун Кара-Суу районунда бүгүн мектеп окуучулары террорчулук жана экстремизмге каршы жөө жүрүшкө чыкты. Колдоруна радикалдашууга каршы чакырыктарды жазып алган беш миңдей окуучу калктуу конуштардагы көчөлөрдү кыдырып, элди бейпил жашоого үндөп жатышат.

Соңку кездери дүйнө коомчулугунун үшүн алган окуялардан улам иш-чараны райондук билим берүү башкармалыгы жергиликтүү бийлик менен бирге уюштурууда.

Расмий маалыматтар боюнча, экстремисттик топтордун катарына кошулуп, Сирия жана Ирактагы согушка кеткен кыргызстандыктардын саны 500дүн тегерегинде. Өлкө ичинде да андай уюмдардын мүчөлөрү аз эместигин эксперттер белгилешет. (SE\YI)

XS
SM
MD
LG