Ош шаарындагы “Кремль” түнкү клубу студенттердин эл аралык күнүнө карата уюштуруп жаткан кечеге калаадагы жаштар тобу каршылык көрсөтүүдө. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылган улан-кыздар түнкү клубдагы шоу программада улуттук салттарга жат оюн-зоок уюштуруларын, “стриптиз” көрсөтүлөрүн айтышты. Алардын ою эске алынбаса, кечинде түнкү клубга барып нааразылык көрсөтүшөрүн эскертишүүдө.
“Кремль” түнкү клубунун атын атоону каалабаган кызматкери бүгүн оюн-зоок болорун, бирок жаштар коюп жаткан талап боюнча комментарий бере албасын “Азаттыкка” айтты.
17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү саналат. Бул датага байланыштуу жыл сайын түрдүү иш-чаралар уюштурулат. (SE)