Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Орусия Украинанын 3 млрд. доллардык карызын жеңилдетет


Түркиядагы “Чоң жыйырмалыктын” саммитинде сөз сүйлөгөн Владимир Путин Украинанын Орусияга болгон 3 млрд. доллардык карызын төлөө шартын жеңилдетерин билдирди. Быйыл төлөй турган 3 млрд. доллардык сумманы үчкө бөлүп, ар жылы 1 млрд. доллардан 2016-2018-жылга чейин төлөө жеңилдиги берилмекчи.

-Акчабызды кайра кайтарып алуу үчүн жана Украинаны оор кырдаалга салбайлы, деп өнөктөштөрдүн сунушун эске алып, карызды төлөөнү жеңилдетип эле тим болбой, анын эң мыкты жолун сунуштап жатабыз. Эл аралык валюта кору бизден 3 млрд. доллар карызды төлөөнү келерки жылга калтырууну суранган, - деди Путин.

Кремль Украинадан карызды 20-декабрга чейин төлөөнү талап кылып, Киев бул мөөнөткө жетишпесе чукул чара көрүлөт деп келген.

Украинада 2014-жылдын март айында Крым аннекциялангандан бери жүргөн кандуу кагылыштардан 7 900 киши мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG