Токтогулда сууга төгүлгөн күйүүчү майдан улам райондук балык чарбасы зыянга учурады. Бул тууралуу ишкана кызматкери Аманжан Борбуев “Азаттыкка” билдирди:
-Көлмөлөрдөгү балыктар солярка жыттанып, сатып алуулар дээрлик 4 айга токтоду. Балык сатып тиричилик кылган үй-бүлө мүчөлөрүнө бул чоң зыян.
Район акими Майорбек Сатымкулов бул багытта атайын комиссия текшерүү жүргүзүп, келтирилген чыгымды аныктап жатканын айтты. Анын жыйынтыгы укук коргоо органдарына берилет.
14-ноябрда Ош-Бишкек унаа жолунда солярка ташыган 40 тонналык унаа Чычкан дарыясына кулап түшкөн. Күйүүчү май сууга агып, жабыркаган айдоочулар ооруканага жаткырылган.
Аймакта дарыяга күйүүчү май агып кеткен учурлар жыл сайын катталат. (RsK)