Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы драма театрында сүрөтчү Салмоорбек Кадыровдун эмгектери көргөзмөгө коюлду. Автордун демилгеси менен уюштурулган иш-чара шаардын соңку 20 жылдык тарыхындагы алгачкы көргөзмө экендигин театрдын жетекчиси Санжар Берикбаев айтты.
Көргөзмө 18-19-ноябрь күндөрү өтөт. Ага жаштарды мекенчилдикке үндөө менен терс адаттардан оолак болууга чакырган 80ден ашык сүрөттөр коюлган. (RsK)