Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

El Clasico: Реал Мадрид Барселона менен ойнойт


Роналду жана Месси
Роналду жана Месси

Бүгүн Испания чемпионатынын 12-турунда мадриддик Реал айыгышкан атаандашы Барселона менен беттешет. Оюн Реалдын Сантьяго Бернабеу стадионунда өтөт.

Барселона кечээ жаракат алып ойнобой жаткан мыкты оюнчусу Лионел Месси айыкканын айтып, оюнга даяр экенин билдирди. Ошентсе да Мессинин алгачкы мүнөттөрдө талаага чыгуусу күмөн болуп турат. Ал эми Реалдын мыкты чабуулчусу Криштиану Роналду оюнга чыгаары маалымдалды.

Букмекерлердин алдын ала божомолунда Реал бүгүнкү беттешти утаары айтылууда. Жакында болуп өткөн Париждеги терактка байланыштуу стадиондун ичи-тышында коопсуздук күчөтүлмөкчү.

Учурдагы турнирдик жадыбалда Барселона 27 упай менен биринчи сапта келе жатат. Реал атаандашынан 3 упай артта, экинчи орунда жайгашкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG